7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарындагы “Ченюань” асфальт заводуна 200 миң сом айып салынды

187

Нарында асфальт заводуна 200 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын районунун Жалгыз-Терек айылындагы асфальт заводу жана таш майдалоочу ишканасынын курулушу текшерилип, «Ченюань» ЖЧКсы тарабынан курулушка уруксат берүүчү кагаздары жок жана реестрде катталбастан өз билемдик менен курулуш иштери жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталган.

Натыйжада курулуш компанияга карата акт түзүлүп, бузууларды жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле протоколдун негизинде 200 миң өлчөмүндөгү айып пул салынды.

188