Назик Атамбекова ӨКМнин Пресс-борборунун башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайкы, буйрукка Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев кол койгон.
Назик Атамбекова 1979-жылдын 29-октябрында туулган.
Билими:
1997-2002 БГУ (Бишкек Гуманитардык Университети) Экология боюнча адис
Иш тажрыйбасы:
2006 — 2008 — «Stan TV», «K +» алып баруучу
2008 — 2010 — «5-канал» ТРК ЖАК алып баруучу
2010 — 2011 – ОШ ТВ редактор
2011 — 2014 — ЖЧК ТРК «НТС» телеканалынын маалымат программасынын алып баруучусу, «Эхо Москвы-Бишкек» радиосунун маалымат программаларынын редактору, алып баруучу, «Санжыра» радиосунун жаңылыктар программасынын редактору, алып баруучу.
2015 –2017 — «ON1» каналынын продюсери, алып баруучу
2017 — 2020 — «Ош Пирим Медиа» ТРКнын продюсери
29.10.2020 — 25.03.2021 — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин жардамчысы
25.03.2020 — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратынын Пресс-борборунун башчысы