7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Nissan Skyline» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 3 баланы сүзүп кеткен

700

Чыгыш Казакстан облусунда «Nissan Skyline» үлгүсүндөгү унаанын 25 жаштагы айдоочусу үч баланы сүзүп кеткен. Бул тууралуу altaynews.kz билдиргенин Спутник Казакстан жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсык 19-март күнү саат 15.00дөр чамасында Шемонаиха шаарынын Вокзальная көчөсүндө болгон.

Кырсыктын кесепетинен төрт, тогуз жана 15 жаштагы балдар жабыркап, ар кандай жаракаттарды алышкан. Алар Шемонаиха райондук ооруканасына жеткирилген.

«Жабыркагандар жандандыруу бөлүмүндө, абалы туруктуу. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгү (байкоосуздан адамдын ден соолугуна оор залал келтирген жол кыймылынын эрежелерин бузуу) боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды»,- деп берилет маалыматта.

«Nissan Skyline» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди, бир катар экспертизалар дайындалды, анын жыйынтыгында процессуалдык чечим чыгарылат», — деп билдирген Чыгыш Казакстан облусунун ички иштер башкармалыгы.

Учурда сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

701