7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокатта жергиликтүү тургун айыл имамына ат мингизди

729

Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагына караштуу «Нурдин» мечитинин имамы Мухаммадсали Тешебаевге айыл тургуну ээр-токумдуу ат мингизди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Райондун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаевдин айтымына караганда, айыл имамы Мухаммадсали Тешебаев эл менен тыгыз иштешип, калк ынтымагын, биримдигин бекемдөө жана ысрапкерчиликтин алдын алуу боюнча бир топ алгылыктуу иштерди жасаган.

«Мухаммадсали ажыкебиз Кара-Таш айылына эмгеги сиңген дин кызматкери. Ал «Нуридин» мечитинде эгемендикти алганыбыздан бери имамдык кылып келет. Динге, элдин биримдигине, айылдын диний сабатын жогорулатууга өтө көп салым кошкон жана ар кандай жакшылык иштерде башкаларга үлгү болгон инсан. Азыркы учурда да хатибият менен тыгыз байланышта болуп, үзүрлүү эмгектенип келе жатат», – деп билдирди Музаффар ажы.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

730