7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокен РИИБде «Ачык эшик» күнү өткөрүлдү

304

Ноокен РИИБде ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

23-февраль – Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата Ноокен РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын 1-кварталга түзүлгөн иш-мерчеминин алкагында мектеп окуучуларына «Ачык эшик» күнү өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты өспүрүмдөрдү мекенди сүйүүгө, коргоого чакыруу жана кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат.


Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга ички иштер органдарынын негизги милдеттери жана структурасы түшүндүрүлүп, алардын кызыктырган суроолоруна жооптор берилди. РИИБдин Нөөмөт бөлүмчөсүнүн жумушу, кандай жабдыктар менен камсыздалганы, атуулдардан түшкөн арыздар кантип, каерде катталаары тааныштырылды.


Андан соӊ окуучуларга жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, жорук жана тергөө бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери тарабынан өздөрүнүн функционалдык милдеттери айтылып, иштөө процесси көрсөтүлдү. Ошондой эле жашы жете электер тарабынан жасалган кылмыш жана жоруктар үчүн каралган жоопкерчиликтин түшүндүрмөлөрү берилди.


Акциянын акырында мектеп окуучулары милиция кызматкерлерине ыраазычылык айтышып, өздөрүнө көптөгөн керектүү маалыматтарды алышкандыгын билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

305