7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокенде 83 турак үйдүн курулушу жанданды

661

Бүгүн, 16-мартта Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы Кызыл-Туу айылында 2019-жылы башталып, 2020-жылы пандемиядан улам токтоп турган 83 үйдүн курулуш иштери улантыла баштады.

Аталган жайда буга чейин 11 үйдүн пайдубалы курулган. Ал «Ас-Салам» кайрымдуулук фондунун каржылануусунда ишке ашууда. Социалдык шаарчанын алгачкы курулуш иштерине бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургандары катышты.

 

Облус башчысы шаарчада аз камсыз болгон 100дөн ашуун үй-бүлө турак жай менен камсыздалаарын билдирди. Бул жергиликтүү муктаж тургундардын түйшүгүн жеңилдетээрин кошумчалады.

 

Белгилей кетсек, айылдагы 83 турак үй менен кошо бала бакча, мектеп, мечит жана тигүү цехи да курулат. Ага жергиликтүү бийлик 9 гектардан ашуун жер бөлүп берген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

662