7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нооруз: Көк бөрү оюнунда жеңишке жеткен «Ынтымак» 1 миллион сом байге алды

688

Ысык-Көлдө “Нооруз-2022” элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин финалдык беттештери болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жогорку лигада “Ынтымак” командасы (Талас облусу) “Сары-Өзөн” командасын (Ош облусу) 4:1 эсебинде артка калтырып, жеңишке жетти. Ал эми биринчи лигада “Бакубат-Талас” (Талас облусу) командасы алдыга чыккан.

Жеңүүчүлөрдүн жана байге орун ээлеринин тизмеси:

40 жаш: 1-орун – “Сары-Өзөн Чүй” – 70 000 сом; 2-орун – “Талас” – 40 000 сом; 3-орун – “Биримдик Ысык-Көл” – 25 000 сом.

Жогорку лига: 1-орун – “Ынтымак” командасы, Талас облусу, байге – 1 000 000 сом; 2-орун – “Сары-Өзөн” командасы, Чуй облусу, байге – 500 000 сом; 3-орун – “Достук” командасы, Ош облусу, байге – 250 000 сомов. 4-орун – “Ала-Тоо” командасы, Ош шаары, байге – 125 000 сомов;

Мыкты оюнчу – Майрамбек Рыспеков (Талас облусу). Мыкты аргымак – “83” (Чуй облусу).

Биринчи лига: 1-орун – “Бакубат-Талас” командасы, Талас облусу, байге – 200 000 сом; 2-орун – “Ийгилик” командасы, Талас облусу, байге – 100 000 сом; 3-орун – “Жаштык” командасы, Жала-Абад облусу, байге – 50 000 сомов. 4-орун – “Бакай-Ата Дөөлөт” командасы, Талас облусу, байге – 25 000 сомов.

Мыкты оюнчу – Алтынбек уулу Маданбек (Талас облусу); Мыкты аргымак – “Таяныч”.

Белгилей кетсек, оюн 21-март күнү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

689