7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Новиков: «Карантиндик чектөөлөр азырынча киргизилбейт, бирок…»

3062

Кыргызстанда коронавирустун жайылуусунун алдын алуу максатында карантиндик чектөө чаралары азырынча киргизилбейт, бирок жарандар коомдук жайларда беткап кийип жүрүшү керек. Бул тууралуу 27-мартта республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков билдирди.

 

Анын айтымында, мындан ары чектөө чаралары аймактардагы кырдаалга жараша колдонулат.

 

Новиков дүйнө өлкөлөрүндө коронавирус жуктургандардын саны өсүп жатканын жана коңшу өлкөлөр да карантиндик чектөөлөрдү киргизип жатканын эске алуу менен бул жагдайга даяр болуу керектигин эскертти.

 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мындай кырдаал үчүн медициналык мекемелердин даярдыгын такай көзөмөлдөп турушу зарыл.

 

Новиков 30-мартка чейин республикалык штабга коронавирустун жайылуусун алдын алуу планына өзгөртүү киргизилүүсүн жана үчүнчү толкунга карата даярдыкты камтыган документти түзүүсүн тапшырды.

 

Ошондой эле 3 күн ичинде ар бир оорукананы тиешелүу дары-дармектер менен камсыздоо талабы коюлду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3063