Новопавловкада Түндүк айланма жолго жанаша жол куруу талкууланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиев «Новопавловка» №106 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен көчмө жыйын өткөрдү.
Жаңы жол Гоголь көчөсүнөн башталып, Түндүк айланма жолго чейин созулуп, узундугу 17 чакырымды түзөт.
Долбоорду ишке ашыруунун алкагында жер тилкелерин алмаштыруу механизми караштырылат.
Мэр Ленин райондук администрациясына ар бир жер үлүшүнүн ээсинен арыздарды кабыл алууну уюштуруп, маалыматтарды тактоо жана жаңылоо тапшырмасын берди.



