7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурдин Букуевге Гиннесстин рекорддор китебинин сертификаты тапшырылды

634

21-ноябрда Кыргызстан-Оман беттешинин алдында футзал боюнча ФИФАнын экс-рефери Нурдин Букуевге Гиннесстин рекорддор китебинин сертификаты расмий тапшырылды.

Сертификатты Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков тапшырды.

Нурдин Букуев калыстык кылган Дүйнөлүк чемпиондуктардын саны боюнча абсолюттук дүйнөлүк рекорддун ээси. Ал Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Калыстык кылган 4 Дүйнөлүк чемпиондук бар — Бразилия-2008, Таиланд-2012, Колумбия-2016 жана Литва-2021.

2021-жылы Букуев КФСнын башкы катчысы кызматын ээлеген.

 

 

635