7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурланбек Шакиевдин Москва шаарындагы иш сапары башталды

369

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары башталды. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдирди.

Алгач төрага Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Москва шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейине барып, Даңк залындагы жоокердин эстелигине гүлчамбар койду.

Муну менен катар Улуу Ата Мекендик согушту чагылдырган, андагы аталардын эрдигин даңазалаган көргөзмө менен таанышты. Алсак, көргөзмөдө кыргыз жоокерлеринин Улуу Ата Мекендик согуш маалындагы эрдиктери, тылдагы каарман элдин Улуу Жеңишке кошкон салымы тууралуу да маалыматтар камтылган.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиев Москва шаарына Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн барган.

370