7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурланбек Тургунбек уулу Арменияга расмий сапар менен барды

342

Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Армения Республикасына расмий сапар менен барды.

Төраганы Еревандагы Звартноц эл аралык аба майданынан Армениянын Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары Акоб Аршакян баштаган жетекчилер тосуп алды.

Эскерте кетсек расмий сапардын алкагында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Армениянын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ален Симонян менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, парламенттер аралык кызматташтыкка байланышкан маселелерди талкуулайт.

Муну менен катар жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар да мерчемделген.

Алсак, Төрага Нурланбек Тургунбек уулу баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Ырысбек Атажанов, Эльмурза Сатыбалдиев, Медербек Саккараев жана Жаныбек Кыдыкбаев бар.

343