Жеңил атлет Нурсултан Кеңешбеков Токиодо өтө турган XXXII жайкы Олимп оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Нурсултан Кеңешбеков июнь айынын башында Түркияда өткөн эл аралык мелдеште жеңишке жеткен. Ал эл аралык мелдештерге катышып, топтогон упайлардын жыйынтыгында мындай мүмкүнчүлүккө ээ болду. Спортчу 5000 метр аралыкта бактысын сынайт.
Ушуну менен Токиодогу жайкы Олимп оюндарына жолдомо алган кыргызстандык спортчулардын саны 18ге жетти. Эл аралык мелдешке Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет Кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая, Роман Петров, Бакдөлөт Расылбеков, Каныкей Кубанычбекова жана Денис Петрашов барат.
Белгилей кетсек, XXXII Жайкы Олимп оюндары 23-июлдан 8-августка чейин Жапониянын Токио шаарында өтөт. Ага 200гө жакын улуттук олимпиада комитетинин мүчөлөрү катышары күтүлүүдө.