7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нуржан Шайлдабекова БШК сайттагы мүчүлүштүктүн себебин түшүндүрдү

1326

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн жыйынтыгы мекеменин сайтында онлайн көрсөтүлүп жаткан учурдагы үзгүлтүккө учуроо тууралуу комментарий берди. 28-ноябрда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып Шайлдабекова негизги системада үзгүлтүк болбогонун, эч кандай зыян тийбегенин айтты:

“Системанын эки таблицасын көрө алдыңыздар. Негизги таблицасы ичинде, ал жерде участоктордон келип түшүп жаткан маалыматтар. Сырткы визуалдаштырууга сиздерге ыңгайлуу болушу үчүн сыртына да кыскартылган таблица түзүп бергенбиз. Ошол таблицада 7 деген позиция 7А деген позиция менен кыска мөөнөткө кошулуп калды. Тышкы визуалдаштыруу таблицасындагы формула кичине туура эмес көрсөтүлүп калды. Бирок тышкы таблица системанын бөлүгү эмес. Системаны ыңгайлуу форматта чагылдыруу үчүн гана жайгаштырылган ошол жерге. Бул жерде эч кандай зыян жок”.

Шайлдабекова автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыгы алдын ала гана жыйынтык экенин кошумчалап, ал юридикалык мааниге ээ эмес экени мыйзамда көрсөтүлгөнүн, бирок кол менен эсептөөнүн жыйынтыгынан көп айырма болбосун белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1327