7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Октябрь окуяларына 5 жыл. Президент Садыр Жапаров менен маек

21

2020-жылдагы октябрь окуяларына быйыл 5 жыл толду. Бул маанилүү окуяны утурлай, биз өлкө башчысына бир катар суроолор менен кайрылдык. Президент Садыр Жапаров өлкөнү оор кырдаалда колго алган учур, андан кийинки өзгөрүүлөр жана бүгүнкү Кыргызстан тууралуу ой бөлүштү.

 6-октябрда “Достук” мейманканасында депутаттар сизди премьер-министр кылып шайлашты. Ишти дароо алып кетүү кыйын болсо керек?

 Ал күндөрдөгү окуялар боюнча ийне-жибине чейин айтып олтурсам көп убакыт кетет. Ал окуялар боюнча кийин мемуар жазам. “Саясаттагы 10 жыл” аттуу китебимдин уландысын чыгарам.

2015-жылдан берки бүгүнкү күнгө чейинки окуялар, түрмөдөгү үч жарым жылдык жашоом камтылат. Ошол жерден көптөгөн кызыктуу, таң калычтуу окуяларга күбө болосуздар. Китеп “Бестселлер” болот.

Азырынча сиздин суроолоруңузга кыска-кыска эле жооп берип турайын.

Албетте, ишти алып кетүү абдан эле оор болду. Өлкөдө башаламандык. Саясий күчтөр он чактыга бөлүнүп алышып, элди да бөлүп-жарышып ар кимиси өз көмөчүнө күл тарткандар. Анысы аз келгенсип сырткы күчтөрдүн басымы күч болуп турду.

Ар кандай оюндар болуп, мени бир эле жолу эмес, үч жолу кайра-кайра кайталап премьер-министрликке бекитишти.

Акыркы жолу 14-октябрь бекен, эсимде жок, үчүнчү жолу бекидим. Ошондон кийин премьер-министр катары толук кандуу иштей баштадым.

Бирок президенттик чылбыр колго тие элек эле.

 Адатта эки революцияны башынан өткөргөн Кыргызстан 2020-жылдын октябрында өлкөдө башаламандык, мародёрлук, күйүп жаткан шаар болушу мүмкүн эле. Эмне себептен үчүнчү жолку элдик толкундоодо андай болбоду? Анткени эл 10 күндөн ашык көчөдө турду да. Сиздер кантип ошол түндү көзөмөлдөп, элди тынчтыкта кармап калдыңыздар?

 Мен камактан 6-октябрь таң эрте чыктым. Кечинде премьер-министр болдум. Үчүнчү сутка уктабай жүрсөм дагы дароо телеге барып, элге кайрылуу кылдым. “Мародёрлук кылбагыла, шаарды талкалабагыла, бийликти басып албагыла” деген сыяктуу кайрылууларды жасадым.

Өлкө боюнча бийликти басып алуу башталган экен. Кимдир бирөө акимдикти, кимдир бирөө губернаторлукту дегендей.

Кудай жалгап, менин кайрылуумдан кийин басып алгандар чыгып кетишип, мурдагылар эле иштей башташты.

Биринчи кезекте ушундай стабилдүүлүк керек болчу.

Стабилдүүлүктү калыбына келтирбесек, көп убакытка чейин башаламандык улана бермек. Шаар ичине ар кайсы жерлерге ыктыярчылардан турган топторду түзүп, мародёрлукка жол бербөө иштерин уюштуруп жаттык. Ошол себептен 10 күн бою эч бир айнек сынбастан, дүкөндөр тонолбостон, стабилдүүлүк болуп турду.

Бул үчүн жаштарга, жалпы элге ыраазы болушубуз керек. Угуп, макул болушуп, стабилдүүлүктү сактап беришти.

 Беш жыл мурда сиз түрмөдөн чыкканда, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөр кандай жүрдү? Эмне жөнүндө талкуу болду эле?

 Сооронбай Шарипович 8-октябрь күнү пайда болду.

6-октябрь күнү эртең менен жоон топ балдар Байтик тарапка жөнөп калышкан экен. “Эмне болду?”- десем,- “Сооронбай Шарипович ошол жакта бир үйдө жатат экен кармап, аянтка алып келип жазалаганы кетип жатабыз”,- дешти.

Колдорунда куралдары бар. 2010-жылдан калган куралдар болсо керек деп ойлоп койдум.

Колдорунда дагы 300дөй тизме бар экен. Баары – ошол учурдагы жана мурдагы бай чиновниктер. Баарын аянтка алып келип асабыз дешет.

“Андай кылбагыла. Таптакыр кереги жок”,- деп ынандырып жатып, араң макул кылдым.

Ызы-чуу.

“Сен өзүң бийликке туруп-турбай жатып коррупционерлерди колдой баштадың” дешет. Баарын мыйзамдын чегинде жазалайбыз десем, “Кустура аласыңбы?” дешет. Ооба “кустурам” дейм.

“Кустурузация” деген сөз ошондон калган. “Люстрация кыласыңбы?” дешет.

“Ооба, “люстрация кылам”,- дейм. «Камайсыңбы?» дешет. “Ооба, камайм»,- дейм.

Айтор, эмне дешсе да макул болуп жатам. “Бир гана суранычым – кан төгүлбөсүн. Эгер кан төгө турган болсоңор, мен лидерликтен баш тартам”,- дедим.

Себеби дүйнөлүк коомчулук бизди жапайы эл катары көрүп калат. Кошуна өлкөлөр дарбазасын жабат. Көпкө чейин өзүбүзгө келе албай калабыз, мени менен эч ким эсептешпей коёт деп жатам.

Эгер кичине эле кан төгүлгөндө, кимдир бирөөлөрдүн кыялындагы «эч ким эсептешпейт, эч ким мамиле түзбөй коёт, эч ким бизге келбейт» деген кыялы накта ошондо ишке ашмак. Кийин анын күнү туумак. «Мына, мен айттым беле» деп какшап жүрмөк.

Элестетсеңиз, мен өзүм түрмөдөн чыгып бийликти алып атсам, анан мурдагы чиновниктердин каны төгүлүп жатса, дүйнөлүк ММКлар мен кан төгүп жаткандай көрсөтмөк да. Элдин жини келип, 30 жылдан берки ууру чиновниктердин кылыгына тоюп кетип, эл өзү жасап жатканына эч ким ишенмек эмес.

Ошентип, 8 же 9-октябрь бекен, Сооронбай Шарипович менен биринчи жолу резиденциядан жолуктук. Албетте, сүйлөшүүлөр ото оор өтүп жатты.

5-6 күндүк оор сүйлөшүүлөрдөн кийин анан макул болуп, отставкага кетти.

 Сиз өз командаңызды кантип топтодуңуз?

 Мен эч кимди сен акаевчи, сен бакиевчи, сен атамбаевчи же жээнбековчусуң деп бөлгөн жокмун. Себеби «кадровый голод» бар эле бизде. Иштейм деп жулунгандардын баарына мүмкүнчүлүк түзүп, кызмат бердим.

“Жаштарды алып кел кызматка” деп кыйкырышты эле, жаштарды да алып келип көрдүм. Тажрыйба болбосо, болбойт экен.

Кыскасы, менин өткөн беш жылымдын жарым жылы ызы-чуулар, шайлоолор, референдум менен өтүп кетти.

Бир жылым баш мыйзамды оңдоп, башкаруу системасын өзгөртүп, мыйзамдардын баарын ошого тууралаганга кетти. Ошентип, бир жарым жыл убакытты ызы-чуу менен мен кыйын кадрмын дегендерди сынап көрүп, жөн эле өткөрүп жибердик.

Азыр эми убакыттар, берилген мүмкүнчүлүктөр менен сындан өткөн туруктуу команда иштеп жатат.

Албетте, кемчиликтер жок эмес, бар. Бирок улам-улам жаңылап, түздөп кете беребиз. Көч бара-бара түздөлөт дегендей.

 5 жыл мурун сизде өлкөнү колго алуу гана эмес, аны сактап калуу жоопкерчилиги да бар эле. Сиз биринчи күнү өз алдыңызча отуруп калганда «эмне кылам, эмнеден баштасам» деп ойлодуңуз беле? Анан биринчи кадам эмне болду?

 Биринчи кадам тууралуу жогоруда айтпадымбы. Стабилдүүлүктү калыбына келтирүү болчу. Келтире алдык. Экинчи кадам башкаруу системасын жаңыдан түзүү болчу. Аны да түзө алдык.

2007-жылдан берки парламенттик башкаруу деген системасы мамлекетти чачыратып, жок кылайын деп калды эле.

Бийлик бутактары мурда эле коррупцияга батып калган. 2010-жылы парламенттик башкаруу деген немеси парламентти да баш-оту менен коррупцияга тыкты.

Ошону менен бүткүл өлкө коррупцияга батып, “ботко” болуп эле жатып калдык.

Ошол мезгилди мен өз көзүм менен көрүп, өзүм аралашып жүрдүм. “Ата журт” партиясы менен парламентке келгенбиз. Ар бир мамлекеттик кызматты базарда соодалашкандай эле сатып калганбыз да. Себеби башкаруу системасы ошондой болуп калган. Ошол система 2020-жылга чейин уланды.

Эгер 2020-жылы бийлик алмашпаганда бүгүн Кыргызстан өз алдынча мамлекет катары бар болот беле же жок болот беле – бир Кудай өзү билет.

Бюджеттин дефицити 30 миллиарддан ашык, пандемия убагында алынган 350 млн доллар карыз менен дефициттин жарымын жапса, жарымын социалдык төлөмдөргө жумшап салышкан.

Кредит алып эмгек акы, пенсия-пособия тараткан мамлекет — чачырап бара жаткан мамлекет деп айтсак болот.

Үчүнчү кадам экономиканы көтөрүш керек эле. Мына бүгүн, Кудайга шүгүр, экономикабыз өсүү темпи менен бара жатат. Мурда кайыр сурап, грант сурап эле жүргөн мамлекет болсок, эми эч кимден грант сурабайбыз.

Акыркы 5 жылда эч бир өлкөдөн грант сураган жокпуз.

Албетте, алынып жаткан кредиттер бар. Бирок ар бир кредит коммерциялык долбоорлорго даректүү жумшалып жатат.

Келечекте ар бир долбоор өзүн-өзү актайт, бюджетке эч кандай оорчулук келтирбейт. Мурдагы кередиттер кумга сиңген суудай эле болуп кетиптир. Мына азыр аларды төлөчү мезгил келди. Төлөп жатабыз.

2035-жылга чейин мурдагы кредиттерди толук төлөп бүтөбүз. Азыркы алынып жаткан кредиттерди же тышкы карыздарды дейбизби, кийин убактысы келгенде, ар бир долбоор өзү жабат. Бюджеттен төлөнбөйт.

Ошондуктан тышкы карызыбыз баланча болуп кетти деп элдин башын айлантып жаткандарга кошулбагыла демекчимин.

 ⁠Сиз дайыма «мени эл алып келип башкарууга отургузду” деп айтасыз. Эл сизден ошондо эмнени күттү деп ойлойсуз?

 Элдин акыркы үмүтү болчу. Акыркы жолу ушуга бир ишенип көрөлүчү деп калышкан. Эгер мен дагы элдин ишеничин актабаганда, анда Кыргызстан бара-бара жок болмок. Себеби эч кимге ишенич болбой калгандан кийин эл дагы өз кызыкчылыгы менен жашап калмак.

Талапкерлер шайлоого келгенде, бул деле баягылардын бирөө да деп, ким көп акча берсе, алып туруп ошолорду шайлай бермек. Мекенчилдик сезимдери жоголуп кетмек.

Акча таратып президент болуп келген киши өлкө тагдырын ойломок беле.

Албетте, талап-тоноп, өзү эле эмес, тегерегиндегилер менен уурдап, мамлекетти жок кылмак.

 Мурдагы президенттер менен Дубайда жолугушуу уюштурганыңыз маалым. Анын башкы максаты эмне эле? Өтөөсүнө чыктыбы?

Албетте, өтөөсүнө чыкты.

Башкы максатым баарын бир столго олтургузуп, «өтөр өттү, кетер кетти, эми бири-бириңер менен акыйнек айтышпай, тынчыгыла» деген сөздү айтмакмын. Айттым.

Ага чейин билесиздер, Акаев менен Бакиев, Атамбаев менен Жээнбеков болуп тарапташтары да тирешип, чабышып, акыйнек айтышып, Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндөгү ЖМКларга чейин чыгып турушчу.

Булардын баары жөн кишилер эмес, аздыр-көптүр, жамандыр-жакшыдыр мамлекет башкаргандар.

Дүйнөлүк коомчулукка белгилүү болуп калган кишилер.

Анан эле баары бири-бири менен чабышып атса, дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанда тынч эмес деп ойлойт экен да. Албетте, инвестор келбейт.

Далай ири инвесторлорду көрдүм. Кыргызстан дегенде буйтай качышат экен.

Чакырсаң эле «Оо кокуй, силер революция кыла берген, ынтымагыңар жок мамлекетсиңер. Силердин мамлекетке инвестиция салыш коркунучтуу, акча тынчтыкты сүйөт» дешет.

Ошондон улам баарын чогултуп айтчу сөзүмдү айттым. Ошондон кийин бири-бири менен урушпай калышты.

Тарапташтары да тынчышты. Дүйнөгө Кыргызстанда тынчтык, стабилдүүлүк орноду деп жар салдык.

Дүйнөлүк ММКлар дагы өз өлкөлөрүндө Кыргызстандын мурдагы президенттери бир столго олтуруп, ынтымакка келишти деп жаңылык кылып жазышты.

Мына ошондон кийин инвесторлор агылып келе башташты.

Бүгүнкү күндө тикелей келген инвестициянын көлөмү эле миллиард долларга жетип жатат. Экономикалык өсүш башталды.

 Эми элдик толкундоо кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек?

 Эскилердин каталарын кайталабашыбыз керек. Кандай гана шайлоолор болбосун, таза өтүп турушу керек. Ар бир шайлоого адилеттүүлүк менен мамиле жасасак, казынаны уурдабасак эле эч качан элдик толкундоолор кайталанбайт.

Бул шайлоону жеке өзүм көзөмөлгө алам.

Адилетсиздик болду деп кайрылган округдарга дыкат көңүл буруп, адилеттүү чечимдерди чыгарабыз.

 Октябрь окуяларына талаштуу шайлоо себеп болгон. Эми алдыда парламенттик шайлоо өткөнү турат. Эскиден сабак алып, элдин ишеними үчүн бул жолу эмнеге өзгөчө көңүл буруу зарыл деп ойлойсуз?

 Биз, бийлик тарап, таза шайлоо өткөрүш үчүн бардык шарттарды түзүп бердик. Баарын автоматташтырдык. Элдин баары шайлоого катышсын деп, аралыктан добуш берүүнү уюштуруп жатабыз.

Мурда сен чаткалдык болуп, бирок шайлоо күнү облус борборуна же Бишкекке келсең добуш бере алчу эмессиң. Азыр эми каалаган жериңде жүрүп, Чаткалдын бюллетенин алып, добуш бере аласың. Бул чет өлкөлөрдө жүргөндөргө да тиешелүү. Берген добушуңар ар бириңердин өзүңөрдүн райондоруңардан коюп жаткан талапкердин эсебине кошулат.

Адам фактору аралашпайт.

Бир дагы талапкер же эл ичинен кимдир бирөөлөр шайлоо таза эмес өттү деп айта албайт. Жасалма шайлоолор артта калды.

Эми эл өздөрү оңолуш керек. Добушун сатпаш керек.

Эгер эл массалык түрдө добушун сатса, бийлик күнөөлүү эмес да.

Ошондуктан бул жолу эл өзү көзөмөлгө алыш керек.

Жаштар мекенчил болуп, добушун сатып атканын да, сатып алып жаткан талапкерин да кармап, уяткарыш керек. Мына ушуга эл өзү өзгөчө катуу көңүл буруусу зарыл деп эсептейм.

Маектешкен Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

22