7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Октябрь райондук соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу кармалды

1036

Опузалап пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы менен биргеликте Бишкек шаарынын Октябрь райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүм башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу К.К.Ж. Кыргыз Республикасынын А.у.А. аттуу жаранынан аткаруу өндүрүшүн токтотуу жана КРнын чегинен тышкары чыгууга мурда коюлган чектөөлөрдү алып салуу үчүн ири өлчөмдө акча каражатын опузалап талап кылып, алып жаткан жеринен кармалган.

Белгилей кетсек, буга чейин сот аткаруучу К.К.Ж. жогорудагы маселе боюнча акчанын бир бөлүгүн алып, бирок чектөөнү алып салуу маселесин чечпестен, А.у.А. арыздануучудан опузалап акча каражатын алууну уланта берген.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Октябрь райондук соттук аткаруучулар кызматынын бөлүм башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалган.

Ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1037