7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Окуучулар жыл сайын кыргыз тилинен экзамен тапшыра баштайт

429

Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында милдеттүү түрдө кыргыз тили предмети боюнча жазуу жана оозеки жүзүндөгү (класстан класска) көчүрүү экзамендери киргизилет.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, көчүрүү «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» КР Конституциялык мыйзамына жана Жогорку Кеңештин «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө» токтомуна ылайык киргизилүүдө.

2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча менчигинин түрүнө жана окутуу тилине карабастан республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарынын 5-6-класстарынын окуучулары, ал эми 2025-2026-окуу жылынан тартып 7, 8 жана 10-класстарынын окуучулары кыргыз тили предмети боюнча жазуу жана оозеки жүзүндөгү көчүрүү (класстан класска) экзамендерин тапшырышат.

Экзамендерди министрликке караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти уюштуруп, өткөрөт.

 

430