7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Окуучулардын тамак-ашын күчтөнтүү үчүн мектеп алдындагы чарбаны иштетүү зарыл

332

Кыргызстанда мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартиби бекитилди

Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусунун сапатын жакшыртуу жана рационун кеңейтүү максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартиби бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон.


Кабыл алынган чечимге жараша, жалпы билим берүү уюмдарынын аймагында жер тилкеси жана тийиштүү материалдык-техникалык базасы болгон учурда мектеп алдындагы чарбаны түзүүгө укуктуу.


Жер тилкеси болбогон учурда жалпы билим берүү мекемесинин директору мектеп алдындагы чарбаларды түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жер тилкесин берүү тууралуу арызы менен кайрыла алат.


Белгилесек, учурда республиканын 1485 мектебинде 1-4 класстын окуучулары үчүн ысык тамактандыруу уюштурулган.


Республикалык жана жергиликтүү бюджеттен мектеп тамактандыруусун уюштурууга жылына бир окуучуга 7-10 сомдон эсептегенде, болжол менен 500 млн сом бөлүнөт. Бирок бул каражат окуучулардын тамактануу рационун тийиштүү түрдө түрлөнтүп, витаминдештирүүгө мүмкүндүк бербейт.


Мектеп алдындагы чарбалардын болушу жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларына айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө, ошондой эле алардын азык-түлүк рационун кеңейтүү аркылуу окуучулардын тамактануу сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.


Аталган чечим ошондой эле мектептерге азык-түлүк ассортиментин кеңейтүү, аяр катмардагы балдардын тамактануусун колдоого алуу, санитардык-гигиеналык шарттарды, ошондой эле мектеп инфраструктурасын жакшыртуу үчүн кошумча киреше булактарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

333