7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оор кылмыш жасап издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды

531

Издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгүндө (КРнын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет мамлекеттин 1990-жылы туулган С.Х.А. аттуу жараны кармалды.

Кармалган адам Уюшкан кылмыштуу топтун курамында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип, оор кылмыш жасагандыгы үчүн чет мамлекеттин аймагында издөөдө жүргөн.

Учурда УКМК тарабынан зарыл болгон тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

532