7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Опузалап акча талап кылган «Дженго» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

602

Опузалап 14 миң 500 АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалгандар күч көрсөтүп зомбулук кылабыз деп коркутуу жолу менен кысым көрсөтүп, 14 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын Ош облусунун тургунуна милдеттендиришкен.

Шектүү катары К.Досоновдун «Дженго» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Э.А.А. жана Ж.С.Т. кармалышты.

Бул факты боюнча УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ош шаардык сотунун чечими менен УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыктын тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

603