7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

720

Нарында жаранды коркутуп, опузалап акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жумгал районунун 1964-жылы туулган тургуну А.К. милицияга арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын май айында “К” аттуу жаран жабырлануучунун үйүнө келип, 60000 миң сом акча каражатын опузалап талап кылып коркуткан. Жабырлануучу коркконунан 30000 сом алып барып бергенин билдирип, “К” аттуу жаранга чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ( Опузалап талап кылуу) менен иш козголгон.

Шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал Жумгал районунун тургуну 1983-жылы туулган С.К. аттуу жаран экендиги маалым болгон.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган шектүү тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

721