7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Опузалып пара алып жаткан жеринен башкы прокуратуранын тергөөчүсү кармалды

692

Прокуратура кызматкери жана анын шериги пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, юстициянын майору З.У.К. жана анын шериги «М.У.А. кармалды.

Такталгандай, кармалган прокуратура кызматкери тергелип жаткан кылмыш иши боюнча маселени оң тарапка чечип берүү үчүн чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн бир нече жолу опузалап талап кылып, пара алганы аныкталды. Ошол эле учурда кылмыш ишин башка органга өткөрүп бергенине карабай, прокуратуранын тергөөчүсү инвесторлорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, 8 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган.

4000 АКШ доллары өлчөмүндөгү сумманын бир бөлүгү Ош шаарында М.У.А. аттуу ортомчусу аркылуу прокуратуранын тергөөчүсү тарабынан алынган.

Учурда прокуратуранын тергөөчүсү жана анын шериги 2 айга камакка алынды.

Тергөө иштери уланууда.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

693