Кыргызстандын жараны, «Сапат» лицейинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын дайынсыз жоголгондугуна 1 ай болду. Бул аралыкта Орхан Инандынын тарапташтары бир нече ирет митинг уюштуруп, соңунда, кечээ, 5-июль жубайы Өкмөт үйүнүн алдына жалгыз митингке чыкты.
Инандыны издөө боюнча боюнча Жогорку Кеңеш талкуудап, Президент күч түзүмдөрүнө атайын тапшырма бергендигине карабай, бир ай ичинде эч кандай натыйжа болгон эмес.
Кечээ, Туркиянын Президенти Реджеп -Тайип Эрдоган, Орхан Инанды баштаган 100гө жакын ФЕТОчулар кармалып келип, сотко өткөрүлүп берилди деп кабарлады.
«Улуттук чалгындоо уюмубуз өзгөчөлүү жана сабырдуу иш-аракеттердин натыйжасында ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башкы жооптуу өкүлү Орхан Инандыны биздин өлкөгө алып келип, сот тармагына өткөрүп берди. Ал мамлекетке жана улутка чыккынчылык кылган, кан төккөн, материалдык жана моралдык зыян келтирген. Бул киши ФЕТО кыймылынын жогорку башкаруучуларынын катарына кирип, ФЕТОнун кир акчаларын Борбор Азияга жумшаган. Башка террордук уюмдар менен күрөшкөндөй эле ФЕТО менен да күрөштү улантабыз«, — дейт Эрдоган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
«Азаттык» басылмасы 2018-жылы Түркиянын атайын кызматы Монголияда ФЕТО кыймылынын мүчөлөрүнө каршы атайын операция уюштуруп, Улан- Батордогу түрк лицейлеринин директору Вейсел Акчайды алып кетмек болгондо, Монголиянын бийлиги Акчайды Түркияга алып келе турган учактын көтөрүлүшүнө уруксат бербей койгондугун эске салат.
Ал эми Кыргызстанда, Орхан дайынсыз жоголгондон кийин, Түркиянын желеги бар, дайынсыз учак «Манас» Эл Аралык аэропортунда турган сүрөтү интернет желесинде таркаган. Бирок, аэропорттун маалымат кызматы «Бул учак, 2 айдан бери учпай эле турат»-деп билдирүү тараткан.
Бул окуя боюнча кыргыз бийлиги азырынча расмий маалымат тарката элек. Орхан Инанды кандай жол менен өлкөдөн чыгып кетти, аэропорттогу көзөмөл кантип өткөрүп жиберди? Президенттин тапшырмасынан натыйжа чыгабы?