7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ормоков: Манас шаары деп өзгөртүлгөндөн кийин инвесторлор көп келе баштады

141

Манас шаарына келген инвестициялардын агымы көбөйдү. Бул тууралуу шаар мэри Эрнисбек Ормоков “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чет элдик жана ички инвесторлор бир катар тармактарга инвестиция салуу ниетин билдиришүүдө.

“Франциядагы инвесторлордон асма жол куруу боюнча сунуштар түшүп жатат. Германиялыктардан да сунуштар бар. Кытайлык инвесторлор менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Алар 3-3,5 млн долларлык канализация жана суу түтүктөрүн тартуу иштерин жүргүзүүнү сунуштап жатышат. Бул Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук мамиленин алкагында жасалмакчы. Бизди тажрыйба алмашууга Кытайга да чакырып жатышат. Манас шаарынын аты өзгөргөндөн кийин көп инвесторлор, анын ичинде ички инвесторлор турак жай, ишкана салуу пландары бар экенин айтышып, жер тилкелери керек деп сурашууда. Мунун баарына шаардын атынын баалуулуугу таасир тийгизип жатат деп ойлойм. Аты өзгөргөнгө чейин деле шаарда көп өзгөрүүлөр болуп келген. Мындан ары да өсүп-өнүгүүлөр улана берет деп ишенем”, — деди ал.

142