7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орозо айтта №38 жана №203 автобустары акысыз кызмат көрсөтөт

5

Эртең, 20-мартта Орозо айт майрамына карата Бишкек шаарындагы №38 жана №203 багытындагы 50 автобус таңкы саат 05:00дөн түшкү 12:00гө чейин жарандарды акысыз ташыйт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдирди.

Акысыз автобус каттамын уюштурунун максаты айт намазына келген шаар тургундарына жана конокторуна майрамдык маанай тартуулоо, ошондой эле ыйык майрамдын руханий баалуулуктарын даңазалоо болуп саналат.

Эскерте кетсек, Орозо айт намазы эртең, 20-мартта Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта окулат.

Орозо айт намазынын программасы (Бишкек шаары):

  • 07:00 – 07:30 – Куран окуу;
  • 07:30 – 07:40 – Модератор Шүкүр Исмаилов;
  • 07:40 – 08:10 – Диний баяндар (Жолдошбек Абдылдаев, Бакыт Кайкиев);
  • 08:10 – 08:30 – Азирети муфтийдин сөзү: Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери;
  • 08:20 – 08:30 – Саптан-сап айтуу;
  • 08:30 – 08:50 – Айт намазын окуу жана майрамдык дуба кылуу.

Ал эми аймактарда Орозо айт намазы мечиттерде окулат. Региондордогу жалпы айттык программа:

  • 07:30 – 08:00 – Куран окуу;
  • 08:00 – 08:25 – Диний баяндар;
  • 08:25 – 08:30 – Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
  • 08:30 – Айт намазын окуу.

Белгиленгендей, тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн убакыттардын бир аз айырмаланышына уруксат берилет.

6