7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орозо кармоонун ден соолукка болгон пайдасы

1411

Бир жылда он бир ай тынымсыз жеп-ичүү менен өткөрүп чарчаган тамак сиңирүү органдары, орозонун шарапаты менен дем алат.

Орозо кармоонун ден-соолукка болгон пайдасы:

  • Бир күндө эки жолу тамактануунун ден-соолукка зыяны жок экендигин диетологтор айтып келишет. Себеби ошол эле бир күндө, бир нече ирет жеген тамак-ашты, эки жолкуга бөлүп, витаминдүү, пайдалуу азыктар менен ашказан азыктанат.
  • Оозду суу менен ачуу зарыл. Муздак эмес, жылуураак суу ичкенге аракет кылыңыз. Суу организмге пайдалуу экендигин дарыгерлер маалымдап келишет. Себеби тамак ичерден мурун суу ичүү ашказанды тамакка даярдап, сиңимдүүлүгүн жогорулатат жана ар түрдүү ооруну алдын алчу иммунитетти калыптандырат.
  • Курма жемишинде адамдын организмине керектүү, пайдалуу заттар өтө көп. Андыктан, ооз ачуу убагында суу жана курма менен баштаңыз. Курма курсакты дагы ток кармайт.
  • Тамакты суу ичкенден кийин 20-30 мүнөттөн соң жеген туура болот. Витаминге бай жемиштерди жегенди унутпаңыз. Тамак-аш өтө күчтүү болбошу керек, бул айда ашказанынызга жакшы кам көрүңүз. Ооз ачканда жана жапканда тамакты тое жебеш керек. Орозо кармаган адамдын 1 ай аралык ичинде, денедеги шлактары чыгат, иммунитети көтөрүлөт, нерв системасынын иштөөсү жакшырат, ошондой эле зат алмашуу оңолот.

Ал эми, ден соолугу начар, бала эмизгендер, кош бойлуулар, жана жашы жетелек балдарга милдеттүү түрдө орозо кармоо зарыл эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1412