7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орто-Токойго 900 миң чабак коё берилди

749

Кочкор районундагы Орто-Токой суу сактагычына 900 миң чабак коё берилди. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сига балыгынын чабактары «Орто-Токой ынтымагы» ЖЧКсы тарабынан коё берилген. ЖЧКнын максаты балыктарды көбөйтүү жана балык чарбасын өнүктүрүү болуп саналат. Аталган иш-чарага Кочкор районунун акими Курбанбек Камчыев, Айыл чарба министрлигинин Балык чарба департаментинин өкүлдөрү,  Ак-Өлөң айыл өкмөтүнүн башчысы Майрам Кыдыралиев жана башкалар катышкан.

Администрациядан билдиргендей, «Орто-Токой ынтымагы» суу сактагычты 2019-жылы  тендерден утуп алып, ижарага алган. Ишкана өткөн жылы Айыл чарба министрлигине караштуу Балык департаменти менен балык өндүрүү, балык уулоо жана балык өстүрүү үчүн келишим түзгөн. Мындан улам суу сактагычтын аймагында каалаган учурда балык кармоого тыюу салынат. Ижарага алган гана компаниянын билети менен бир аз кармоого болот. Орто-Токой суу сактагычы 1956-жылы салынган, Кыргызстанда курулган эң биринчи суу сактагыч.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

750