7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ортобузда достук мамилелерди жогору баалайм». Мирзиёев Садыр Жапаровду куттуктады

650

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Түбөлүк баалуулуктарыбызды жана жалпы тарыхыбызды камтыган бул байыркы майрам эки бир тууган элдин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө кызмат кылат.

Акыркы жылдары биздин ортобузда калыптанып калган достук мамилелерди жогору баалайм жана биздин алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги жолугушууларыбыз көп кырдуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар тараптуу кеңейтүүгө кызмат кыларын өзгөчө баса белгилегим келет.

Өз ара урматтоо жана колдоо принциптерине негизделген биздин стратегиялык өнөктөштүгүбүз мындан ары да жигердүү өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат Өзбекстан президентинин куттуктоосунда.

Ошондой эле, Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде чоң ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана ар дайым өсүп өнүгүү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

651