7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков “Кудрет убагында Жапаровду колдогон” дегендерге жооп берди

9

Дайырбек Орунбеков “Кудрет убагында Жапаровду колдогон” дегендерге Facebook баракчасы аркылуу жооп берди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров убагында өзүн колдоп жүргөн тарапташтарын, 2020-жылдан кийин чогулткан.

“Буга чейин колдооңорго ыраазычылык билдирем. Силер мени ак иштесин, мыйзамдуулукту орнотсун деп колдоп келдиңер, эми мен ал үмүттөрдү ишке ашырам. Ошондой эле, силерден дагы мыйзамсыз иштерге барбоого, жеке кызыкчылыгыңар үчүн мамлекетке залал келтирбегиле деп суранам”-деп кайрылган.

Колдоп келгендер билим тажрыйбасына жараша жумуштарга кирди. Жумушту алып кеткени иштеп жүрөт, ал эми жумушту тарта албай, ар кайсы мыйзамсыз иштерге аралашкандар жумуштан алынды.

Президент дагы бир сөзүндө, “мен азыр жалпы журтка бирдеймин”-деп жакындарына дагы бир жолу эскерткен.

Бул арада, “мен убагында колдоп жүргөм, мага боло берет”-деген бир канчасы камалып кетти. Ал тургай мыйзамсыз аракеттери үчүн президент жакын тууганын дагы каматып салган.

“Кудрет Тайчабаров убагында Садыр Жапаровду колдоп жүргөн болчу”-деп жазып жаткандарга:
Убагында колдоп жүргөндүк — адамды эч кандай жоопкерчиликтен куткарбайт. Чын жүрөктөн колдоп келгендер, азыр дагы колдоп, жакшына эле жүрүшөт. Мындан ары дагы, “мен президенттин жакынымын, мурда колдоп жүргөм” деп мыйзам бузгандар болсо, алар башкалар сыяктуу эле жазага тартыларын эскертебиз.

10