7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунбеков: Түрмөлөрдө «мыйзамдагы уурулар» жоюлуп, завод-фабрикалар иштеп жатат

129

Кыргызстанда түрмөлөрдө дагы темирдей тартип орноду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасына жазды.

«Мурда соттолгондор 24 саат бою бош, бекер тамак ичип эле жатышчу. Аларды мамлекет багып турчу. Бирок алардын баары «Мыйзамдагы ууруга» баш ийишчү. «Мыйзамдагы ууру» болсо баарын бирдей карачу эмес, «блатнойлорду» гана карачу. Калгандары ач-жыланач жашачу. Анысы аз келгенсип, өздөрү ач-жыланач жүрсө да «Мыйзамдагы ууруга» ай сайын акча жана ар кандай буюм-тайым чогултуп берип турушчу.

Ошентип, жалпы түрмөлөрдөн «Мыйзамдагы уурунун» чөнтөгүнө ай сайын жүздөгөн миллиондор түшүп турган. Ошол себептен ал долларовый миллиардер болуп чыга келген. Эми мамлекет ошол “уурунун” миллиарддарын алып, түрмөдөгүлөрдүн өздөрүнө шарт түзүп берди. Түрмөлөрдүн ичинде завод-фабрикалар, тоок фермалары, мал баккан чарбалар иштеп, жер-жемиштерди өздөрү өстүрүп, тамак-ашын өздөрү таап жатышкандан тышкары, мамлекетке да киреше берип атышат.

Мурда үйлөрүнөн акча, тамак, кийим-кече сурап келишсе, азыр тескерисинче үйлөрүнө акча жибере башташты. Себеби баары бирдей иштешет, баарына бирдей шарттар түзүлдү. Кийимдери бекер, баары бирдей форма кийишет. Тамактары күнүнө үч маал бекер. Мурда мындай болоору түштөрүнө да кирбейт эле.

Мурдагыдай «сен байкушсуң, мен блатноймун» деген заман жок. Баары тең укуктуу, баары бирдей. Мына ушундай тартипти мурда эле орнотсо болот беле? Албетте, болмок. Бирок мурдагылар тескерисинче «Мыйзамдагы ууру» менен ДОС болчу. Алар мындай тартипти өмүр бою орното алышмак эмес. Тескерисинче, ким депутат болот, ким министр болот — баарын «ууру» менен кеңешип турушкан»,- деди ал.

130