7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунтаев: Көп кабаттуу үйлөрдө бир батирде бирден автоунаа токтотуучу орун болот

355

Эми мындан ары жер төлөөсүндө атайын унаа токтотуучу жайы жок болсо, курулуш уруксат берилбейт. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.

«Урматтуу туугандар, бүгүнкү күндө шаарларыбызда автоунааларды токтотуу маселеси чоң. Ушул маселени чечүү максатында, Мамкурулуш тарабынан мамлекет жетекчилиги тарабынан атайын иш-пландарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Ушунун негизинде үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап көп кабаттуу үйлөргө 1-1 механизми киргизилген. Тактап айтканда бир батирге бир авто токтотуучу жайы болуш керек жана беш кабаттан бийик үйлөргө жер төлөөсүндө атайын унаа токточуучу жайы болушу керек. Эми мындан ары жер төлөөсүндө атайын унаа токтотуучу жайы жок болсо, курулуш уруксат берилбейт. Андан тышкары, курулушта жаңы технологияларды да колдонууга уруксаат бердик. Тактап айтканда сүрөттөгүдөй атайын унаа-лифттерди да колдонууга толук болот. Кеч болсо да, жаңы курулуштарды тартиби менен куралы»,- деди ал.

356