7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусия дин башкармалыгы мусулман-курьерлерге “арам” буйрутмаларды ташууга тыюу салды

250

Орусия мусулмандарынын дин башкармалыгы мусулман курьерлерге карата атайын фатва чыгарды. Анда мусулман курьерлер арам деп тыюу салынган тамак-аштарды кабыл албай койсо болот. Бул тууралуу Орусия мусулмандарынын дин башкармалыгынын сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, фатвада мусулман курьерлер спирт ичимдиктерин, чочконун этин, шариятка ылайык союлбаган малдын этин, бутпарастардын диний буюмдарын жана кумар оюндарына тиешелүү товарларды жеткирүүгө тыюу салынган.

  • Эгерде буйрутмалар упаковкаланып, курьер пакетте эмне бар экенин билбесе, мындай жеткирүү күнөө болуп эсептелбейт.
  • Эгерде бир буйрутма уруксат берилген жана тыюу салынган товарларды камтыса, бирок көпчүлүгү адал болсо, жеткирүүгө уруксат берилет. Түшкөн каражаттын бир бөлүгү кайрымдуулукка берүү сунушталат.

 

251