Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын президенти Жо Байден баш болгон 13 аткаминерге каршы жекече санкцияларды жарыялады.
«Санкциялык тизмеге киргендерге Орусияга кирүүгө тыюу салынды», — деп жазылган министрликтин расмий сайтында.
Орусиянын санкциялык тизмесине кирген кишилер:
- Жозеф Байден;
- Энтони Блинкен;
- Ллойд Остин;
- Марк Милли;
- Жейкоб Салливан — АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы
- Уильям Бернс — ЦРУнун директору;
- Женнифер Псаки — Ак үйдүн маалымат катчысы;
- Далип Сингх — АКШ президентинин орун басарынын улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы;
- Саманта Пауэр — Эл аралык өнүгүү агенттигинин директору;
- Хантер Байден — АКШ президентинин уулу;
- Хиллари Клинтон — АКШнын президенттигине мурда талапкер болгон мамлекеттик ишмер;
- Адевейл Адейемо — Финансы министринин биринчи орун басары;
- Рета Жо Льюис — Экспорттук-импорттук банкынын президенти жана директорлор кеңешинин төрагасы.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул санкциялык чараларды “АКШнын азыркы администрациясынын өтө ашынган русофобиялык багытынын кесепети” деп билдирди. Орусияга кирүүгө чектөөлөр Вашингтондун орусиялык жогорку кызмат адамдарына, мамлекеттик кызматкерлерге, олигархтарга жана президентке каршы санкцияларына жооп болуп саналат.
Жакынкы арада бул тизме дагы кеңейерин айтышты. Ага жогорку даражадагы аткаминерлердин, аскер жетекчилердин, мыйзамчылардын, бизнесмендердин, эксперттердин, медиа адамдарынын, русофобиялык маанайдагы же Россияга карата жек көрүү отун жаккан адамдардын кирерин билдирди.
Белгилей кетсек, aевралдын аягында АКШ Владимир Путиндин, тышкы иштер жана коргоо министрлери Сергей Лавров менен Сергей Шойгунун жана Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовдун өлкөгө кирүүсүнө тыюу салып, алардын чет өлкөлөрдөгү активдерин камакка алынарын жарыялаган. Мындан сырткары Орусиянын Мамлекеттик Дума менен Федералдык Кеңештин депутаттарына, өкмөт мүчөлөрүнө, министрликтер менен агенттиктердин жетекчилерине каршы жекече санкцияларды киргизген.