7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусияда инстаграмдын ордуна «Rossgram» иштей баштайт

644

28-марттан тарта Instagram социалдык тармагынын орусиялык аналогу «Россграм» иштей баштайт. Бул тууралуу долбоордун «ВКонтакте» тармагындагы баракчасында айтылат.

Маалыматка караганда, ал алгач Android жана iOS платформалары үчүн тиркемеси болот.

«Биринчи ага белгилүү блогерлер, демөөрчүлөр жана инвесторлор катталышат. Башка колдонуучулар үчүн социалдык тармак апрель айынан тарта жеткиликтүү болот”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Орусия Meta компаниясы модерация эрежелерин убактылуу жумшартып, колдонуучуларга Орусияга каршы билдирүүлөрдү жарыялоого уруксат бергенден кийин инстаграмга бөгөт коюу чечимин кабыл алган. Андан соң Орусиянын Башкы прокуратурасы Meta компаниясын экстремисттик уюм деп таанууну соттон өтүнгөн. Роскомнадзор Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен инстаграмды жабууну чечкен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

645