7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусияда Кыргызстан менен Тажикстандан барган мигранттар мушташып, ашкананы бир заматта сапырып салышты

1886

Амурдагы газды кайра иштетүүчү заводдо 8-март күнү Кыргызстан менен Тажикстандан барган эмгек мигранттары мушташып кетишти. Бул тууралуу «Mash» телеграм-каналы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя ишкананын ашканасында болгон. Тажикстандык кызматкерлер кыргызстандык кесиптештерин тамакты көп салып жешет дешип, официант кыздын кызматкерге салфетканы ыргытып жибергени жаңжалды ырбатып жиберген

«Мушташ 9 миңдей эмгек мигранттарын курулуш үчүн жумушка алган «ВелесСтройМонтаж» компаниясынын ашканасында башталган. Тажикстандык кызматкерлер кыргызстандык кесиптештерин тамакты көп салып жешет дешип, официант кыздын салфетканы ыргытып жибергени жаңжалды ырбатып жиберген. Чырда идиш-аяк, стол менен стулдар да ыргыган. Кийинки күнү мушташ короодо улантылган. Компаниянын жетекчилиги мушташка катышкан бардык жумушчуларды иштен айдаганы жатат. Андан ары алар депортация болушу мүмкүн», — деп жазылат маалыматта.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1887