7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусиялык 18 жаштагы блогер кыргыздын калпагын ыргыта тепкендиги үчүн талкууда (ВИДЕО)

707

Орусиялык блогер Даниил Крапивников кыргыздын улуттук баш кийими болгон калпакты тепкен видеосу социалдык тармактарга тарап, учурда кызуу талкууда.

Видеодо көрүнүп тургандай, ал манекендеги калпакты тепкен. Интернет колдонуучулары Крапивников кыргыз элинен кечирим сурашын талап кылышууда.

Андан соң Даниил Крапивников социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, калпак кыргыз өлкөсүнүн улуттук баш кийими экендигин билбегендигин айтты.

«Урматтуу Кыргыз өлкөсүнүн жарандары. Бул ишим үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайм. Сиздердин улуттук баш кийимиңиз экенин билбегендиктен ушундай кылдым. Мен билем, бул мени актабайт. Бирок мен бардык кыргыз элин абдан сыйлайм. Бул эч качан кайталанбайт деп убада берем. Дагы бир жолу сиздерден чын жүрөктөн кечирим сурайм», — деп кайрылуу жасады Крапивников.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

708