7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Ош” аэропортунда зер буюмдарды аткезчилик жол менен алып бара жаткан чет элдик 4 жаран кармалды

741

“Ош” аэропортунда Өзбекстандын 4 жараны кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-мартта саат 19:30дар чамасында Ош облустук милиция кызматкерлери алтын буюмдарды контрабандалык жол менен алып бара жаткан төрт жаранды кармашкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Өзбекстандын төрт жаранынан алтын буюмдар табылган. 51 жаштагы М.Л. аттуу жарандан салмагы 500 граммды түзгөн ак алтындан жасалган зергер жасалгалар, 51 жаштагы М.Т. аттуу жарандан (аял киши) салмагы 430 граммды түзгөн алтындан жасалган зергердик жасалгалар , 27 жаштагы Н.Н. аттуу жарандан салмагы 504 граммды түзгөн алтындан жасалган зергер жасалгалар жана 23 жаштагы М.Н. аттуу жарандан салмагы 508 граммдан турган алтындан жасалган зергер жасалгалар алынган.

Алар 1 кг 972 грамм алтындан жасалган зергер жасалгаларды тагынып өтүп бара жатышкан жеринен, “Ош” эл аралык аэропортунда кармалышкан.

Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

742