7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош аэропортундагы жаңы аэробекет комплексинин курулушу кызуу жүрүүдө

161

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ош эл аралык аэропортунда курулуп жаткан жаңы аэробекет комплексинин курулушу менен таанышты.

Жалпы аянты 26 миң чарчы метрди түзгөн имарат алты блоктон турат. Курулуш 2025-жылдын 25-апрелинде башталган. Учурда монолиттик иштер 95% аяктады. Жер төлөдөгү инженердик тармактарды орнотуу иштери 80% бүткөрүлдү. Биринчи кабаттагы иштер долбоорго өзгөртүүлөр киргизилип жаткандыктан убактылуу токтотулду.

Азыр курулушта 120га жакын жумушчу иштеп жатат. Өзгөртүүлөр бүткөндөн кийин алардын саны эки эсеге көбөйтүлөт. Иштер бекитилген график боюнча жүрүүдө.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

162