7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: «Айфон алып бергиле деген жокмун…» Депутаттардын сессиясында адвокат айым чыр салды

2619

Адвокат Айсулуу Жапар кызынын баласы даун синдромуна кабылган. Ал баласына тиешелүү жардамды мэриядан ала албай, аргасыздан шаардык кеңештин депутаттарына кайрылууга аргасыз болгон.

Ал депутаттарга Ош шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Венера Рыскулова анын ишин 2 айга кечиктиргендиги үчүн кызматтык жоопкерчилигин кароону сунуштады.

“Бизди айнектен кууп чыкса, фортучкадан кирип жүрүп сурандык. Мен айфон алып бергиле деп жаткан жокмун, даун синдромуна кабылган баламды дарылатууга каражаттык колдоо сурап жатам. Операцияны Санкт-Петербургдан 20 миң долларга жасатууга мүмкүнчүлүк алдык, негизи мындай операция Европада 40 миң еврого жасалат”.

Андан сырткары Айсулуу Жапар кызы Ош шаарынын мэринен жардам сурап келгенде тармакты тейлеген вице-мэр тоскоолдук кылганын айтып, ага чара көрүлүүсүн суранды. Бул боюнча прокуратурага майнап чыкпаса президентке чейин барарын кошумчалады.

Ал эми вице-мэр Венера Рыскулова Жапар кызы анын кабылдамасына келбегендигин, мэр Алмаз Мамбетовдун кабылында болгондугун билдирди.

Ошондой эле, 5 миң сом жардам берилгендигин, андан сырткары эми Саламаттык сактоо министрлиги менен байланышып, Орусияда жасалчу операциясынын баасын арзандатса болорун ал жагынан колдоо көрсөтүүгө аракет кыларына ишендирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2620