7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош-Баткен-Исфана жолун курууда 189 млн сом кымырылган

945

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан 2017-2021-жылдары “Ош-Баткен-Исфана” автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча подряддык компанияга 20 млн. сомго жакын акча которулган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө аныкталган.

Аталган министрликтин жооптуу кызмат адамдары атайын банктык кепилдикти узартпастан, жумуш аткаруу актыларын негизсиз кабыл алышып, жолду мыйзамсыз эксплуатацияга киргизишкен. Натыйжада мамлекетке 189 млн. 200 миң 223 сомдук зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337 (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 245 (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) жана 346-беренелери (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

946