7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош базарынан “Нелегал” рейдинин жүрүшүндө 120дан ашык чет элдик жаран кармалды

206

Бишкектеги Ош базарында «Нелегал» рейдинин жүрүшүндө 120дан ашык чет элдик жаран полиция бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Борбор калаанын милиция рейдде 120дан ашуун чет өлкөлүк текшерүүгө алынганын, жыйынтыгында 23 чет өлкөлүккө карата Укук бузуулар кодексинин 431-беренеси (Кыргызстан аймагында болуу тартибин бузуу) менен протоколдор түзүлгөнүн белгиледи.

Ошондой эле 2 кыргыз жаранына карат Укук бузуулар кодексинин 93-беренеси (Кыргызстан чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу) боюнча протоколдор толтурулган. Маалыматта бардык материалдар мыйзамда белгиленген тартипте андан аркы кароо үчүн тиешелүү бөлүмдөргө жөнөтүлгөнү кошумчаланды.

207