7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош базарында күчтүү таасир этүүчү дарыларды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

429

Ош базарында күчтүү таасир этүүчү дарыларды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо инистрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-октябрда Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин адистери Ленин РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте өспүрүмдөр арасында акыркы убакта “дарыкана наркоманиясы” деп аталган баңгизатка көз карандылыкка алып келүүчү күчтүү таасир этүүчү дары каражаттарын колдонууну жоюу максатында ыкчам-профилактикалык иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Рейддин жүрүшүндө «Ош» базарынын жана «Берекет-Универсал» ЖАКтын аймагында жеке жактар тарабынан лицензиясыз ишкердик жүргүзүү жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталган.

Рейд учурунда мыйзамсыз түрдө дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды саткан ишкерлердин бири саюучу-кесүүчү буюм (ашкана бычагы) менен департаменттин кызматкерлерине кол салган. Бул боюнча 102 номерине кабарлап, милиция кызматкерлери чакырылып, аталган департаменттин кызматкерлери мыйзам бузган Ош базарынын жана «Берекет-Универсал» ЖАКтын сатуучуларына тиешелүү чара көрүү боюнча арыз жазышкан.

 

 

 

430