7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: Чет өлкөлүк 36 жаранга 190 миң сом айып пул салынды

726

Ош облусунда кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо, кылмыш жасап качып жүргөн жарандары кармоо, мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана мыйзамсыз миграцияны уюштуруу кылмыштарын аныктоо багытында «Нелегал» аталышындагы иш-чаралар өттү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тышкы миграция мыйзамынын талаптарын бузгандыктары үчүн «Нелегал» операциясынын жүрүшүндө чет өлкөлүк 36 жаранга КРнын Бузуулар кодексинин негизинде протоколдор толтурулуп, жалпысынан 190 миң сом айып пул салынган.

Кылмыш жаза кодексинин 168-берененин (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, мигранттарды мыйзамсыз алып келүү (алып чыгып кетүү) негизинде 3 факт аныкталып, кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Анын ичинен 1 факт боюнча кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Калган 2 факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

727