7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош мэриясынын имаратында «НурТВ» телеканалынын оператору сабалды

940

Кечээ, 28-февралда мэриянын имаратында Ош шаарындагы «НурТВ» телеканалынын оператору Тимурлан Эрнис уулуна белгисиз киши кол салган.

Анын айтымында, Тимурлан Эрнис уулу телеканалдын журналисти менен вице-мэр Жасур Азимовдон интервью алуу үчүн мэрияга барган. Кезекте турган эки кишиден бир мүнөткө кирип чыгууну суранышканда, алар макул болушкан эмес. Алардын биринчи кирип чыгуусуна макул болуп, кезек күтүп турушкан. Бирок, ошол учурда аларга кишилердин бири сөгүнүп, агрессивдүү мамиле жасап баштаган. Андан соң Эрнис уулуна кол көтөргөн.

Натыйжада Темирлан Эрнес уулунун оозу жырылып кеткен. Учурда ал медициналык кароодон өтүп жатат.

Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургу Асылбек Мамаражапов жабырлануучунун оозу ичинен жырылып кеткендиктен тигилгенин белгилеп, учурда абалы канааттандырарлык экенин айтты.

«Вице-мэрдин кабылдамасында «NUR» телеканалынын кызматкерлери менен кезек күтүп турган жарандын ортосунда келишпестик жаралган. Бул боюнча учурда жабырлануучу тарап арыз жазып, милиция кызматкерлери иш алып барып жатканы маалымдалды. Ош шаарынын мэриясы мыйзамдуулуктун камсыздалышын кубаттайт жана мыйзамсыз аракеттерге каршы»,-деп мэриядан билдирди.

Аталган факты катталып, учурда териштирүү жүрүп жатканын Шаардык милициянын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов билдирди. Ал эми операторго кол салуу иши кандай берене менен катталары тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат дейт.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

941