Ош облусунда 15 социалдык объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Анын ичинен жетөө мектеп, алтоо бала бакча жана экөө спорт зал.
Өзгөн району
- Алга айылында жайгашкан «Азада-Апа» бала бакчасы, 120 орундуу. Долбоордун наркы — 77 млн 910,1 миң сом, республикалык бюджеттен каржыланган. Курулуш 2024-жылы башталып, толук бүткөрүлдү.
- Баш-Дөбө айыл аймагынын Кеңеш айылында жайгашкан, 60 орундуу бала бакча. Подрядчы — ЖЧК «Алтрейд».
Долбоордун баасы — 46 млн 342,7 миң сом, республикалык бюджеттен каржыланган.
Ноокат району
- Он-Эки-Мойнок айылындагы 275 орундуу мектеп. Долбоордун наркы — 133 млн сомдон ашык. Курулуш 2023-жылдын IV кварталында башталып, толук аяктады.
- Кара-Кокту айылындагы 150 орундуу билим уясы. Долбоордун наркы — 92 млн 460 миң сом. Курулуш 2024-жылдын май айында башталып, толук бүттү.
- Жар-Коргон айылында жайгашкан 120 орундуу бала бакча. Жеке инвестор тарабынан курулуп, долбоордун баасы — 60 млн сом.
- Төөлөс айыл аймагындагы 225 орундуу мектеп. Курулушка 74 млн 931 миң сом сарпталган.
Кара-Кулжа району
- Биймырза айылындагы 120 орундуу бала бакча. Долбоордун наркы — 70 млн 246,5 миң сом.
Кара-Суу району
- Ала-Тоо айыл аймагында жайгашкан 275 орундуу мектеп. Курулуш 2015-жылы башталып, толук аяктады. Жалпы наркы — 105 млн 495 миң сомдон ашык.
- Андагул айылында жайгашкан 150 орундуу мектеп. Долбоордун баасы — 104 млн сом.
Курулуш 2024-жылы башталып, толук бүткөрүлдү. - Кара-Суу шаарында Ленин атындагы мектептин 450 орундуу кошумча окуу корпусу. Республикалык бюджеттен каржыланып, 107 млн сом сарпталган.
- Отуз-Адыр айылындагы 120 орундуу бала бакча, долбоордун наркы — 53 млн 350 миң сом.
Алай району
- Жерге-Тал айылындагы спорт залы. Курулушка 23 млн 374,2 миң сом жумшалган.
- Аскалы айылындагы 100 орундуу мектеп. Курулуш 2024-жылы башталып, 42 млн 638,9 миң сом сарпталган.
- Сары-Могол айылындагы 140 орундуу мектеп. Долбоор 2023-жылы башталып, 86 млн 950 миң сом каражат сарпталган.
- Тогуз-Булак айылындагы №29 Келдибай Тайчабаров атындагы орто мектептин спорт залы. Курулуштун жалпы наркы — 20 млн сом.



