7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош облусундагы күрөөканалардын ишмердүүлүгү текшерилди

500

Ош облусунун аймагындагы күрөөканалардын ишмердүүлүгү текшерилгенин УКМКдан билдиришти.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 27-декабрында сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында Ош шаарында иштеп жаткан 40 ломбард текшерилип, кызматкерлери жана ээлери суракка алынды. Тапшырманы ишке ашыруу жана кредиттер боюнча пайыздык чендерди минималдаштыруу максатында ломбарддардын өкүлдөрү менен “Ломбарддардын иши жөнүндө” талаптарын сактоо боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

Кыска мөөнөттүү насыяларды берүүдө Кыргызстандын 18 жаштан өйдө жарандарынын жеке керектөө үчүн арналган кыймылдуу мүлкүн гана күрөөгө кабыл алуу жана коюлган мүлктү тескөөгө жол бербөө зарылдыгы, ыйгарым укуктуу органдардын лицензиясынын негизинде гана иш жүргүзүү боюнча иш-чаралар өткөрүлдү.

УКМК мыйзам бузган күрөөканалардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу иштерин улантууда.

501