7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында 10 мектепте окуу токтотулду

570

Ош шаарында 10 мектепте окуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, санэпид кызматынын корутундусу менен Ош шаарындагы 10 мектепте окуу токтотулду. Алар №3 Ломоносов, №8 Горький, №21 Пушкин, №24 Фрунзе, №40 Королев, №41 Абдуллаев, №47, 78, 54 жана 12-көмөкчү мектептери карантинге жабылды.

«Аталган мектептер азырынча аралыктан онлайн окушат. Күн сайын мониторинг жүргүзүлүп турат. Анын жыйынтыгына жараша мектептерде кайрадан окууну улантуу маселеси каралат. Учурда бардык мектеп, бала бакчаларга санитардык норманы сактоо, балдарды массалык иш-чараларга тартуу же чогултпоо, абаны тынымсыз желдетип туруу тапшырмалары берилди. Окуучулардын, бала бакчадагы наристелердин катышуусу жана сасык тумоонун жайылышы байкоого алынып, дагы башка мектептерде окууну токтотуу, бала бакчаларды жаап туруу маселеси каралышы мүмкүн»,- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

571