7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында 29 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды

768

Ош шаарынын Раимбеков көчөсүндөгү батирлердин биринен 29 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды.  Маалыматты ӨКМдин маалымат кызматы тастыктайт.

ӨКМге 10-июль Раимбеков көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйдүн биринин эшиги ачылбай жатканын кабарлашкан. Куткаруучулар №2 үйдүн 39-батирдин эшигин бузуп киргенде, ичинде  1992-жылы туулган Ж.К. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Окуя боюнча Ош ШИИБине 10-июль түнкү саат 23:00дө кабар келип түшкөн. Тергөөчүлөр барган кезде, куткаруучулар үйдүн ичинде болгон.

Алгачкы кароодо киши колдуу болбогондугу маалым болгон. Денеде көгөрүү же башка өзгөчө жагдайлар байкалган эмес. Жакындары маркумдун талма оорусу бар экендигин айтып, экспертизага берүүдөн баш тарткан.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

769