Ош шаарынын борбордук аянтында Жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленип, иш-чарага миңдеген шаардыктар жана коноктор чогулду.
Майрамдык кечеге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышып, элди келе жаткан Жаңы жыл менен куттукташты.
Жеңишбек Токторбаев 2025-жыл Ош шаары үчүн ийгиликтүү жылдардан болгонун белгилеп, 2026-жылга да көптөгөн ири долбоорлор пландалып жатканын кошумчалады.
Майрам концерттик программа менен коштолуп, келген коноктордун ыр-бийи менен көркүнө чыкты.



