7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарындагы мектептерде акыркы коңгуроо кагылды

481

Бүгүн, 26-май күнү Ош шаарындагы бардык мектептерде “Акыркы коңгуроо” аземи болуп өттү.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев майрамдык иш-чаранын алкагында №52 «Кыргыз түрк достугу» атындагы лицей-мектебинде болуп, жалпы бүтүрүүчүлөрдү мектепти аяктап жатканы менен куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн өзгөчөлөнгөн мугалимдер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Ош шаарында бүгүнкү күндө жалпысынан 70 мамлекеттик жана 52 жеке менчик мектеп бар. Быйыл мектептерди 10467 бүтүрүүчү бүтүрсө, анын 2375си 11-классты, 8092и 9-классты бүтүргөндөр.

482